www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Депутаттардын бир тобу «Офис простых решений и результатов» уюмунун өкулү Маргулан Сейсембаев менен жолугуштуңуздар. Жолугушуунун негизги максаты эмнеде болду?

- Бул жерде эч кандай саясат жок. Анда Украинада болгон реформалар, экономикалык маселелер тууралуу сөз жүрдү. Ошондой эле, мамлекеттик башкарууну жакшыртуу, мамлекеттик органдар менен коомдук институттардын ишиндеги эффективдүүлүктү арттыруу тууралуу сөз болду. Негизи бул жолугушуу тажрыйба алмашуу максатында уюштурулду.

- Премьер-министрдин Баткен облусуна өзгөчө статус берүү жөнундө пикирине кандай карайсыз?

- Облустагы маселелер өзгөчө статус берип койсо эле чечилип калбайт. Эң ириде, ал жактагы социалдык-экономикалык абалды оңдош керек. Элдин жашоосу оңолмоюн, ар түрдүү көйгөйлөр чыга берет.

- Чек араны чечүү зарылчылыгын активисттер көтөрүп жатышат. Депутаттар деле маселени алып чыгып, чечүүнү демилгелесе болобу?

- Азыр чек ара УКМКга өтүп кеткен. Бирок, учурда чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк комиссиянын жетекчиси Камчыбек Ташиев өзү жок. Бизде деле маалымат жеткиликтүү эмес. Баардыгы купуя. Парламентте көтөрүлгөнү менен баарын бир адам чечет. Ошон үчүн ал өзү эки тараптуу активдүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшү керек.

Булак: Азия News гезити

Последние новости