www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кочкордо 45 чөө атылды

Кочкор районундагы мергенчилер бир жарым ай ичинде 45 чөө, 5 карышкыр атышты. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражатар жазып чыкты. 

Кыштын акыркы айына карата мергенчилер өздөрү аткан чөө, карышкырлардын терисин комиссияга көрсөтүштү. Кочкор райондук мергенчилер жана балыкчылар коомунун төрагасы Таалай Осмоналиев ар кандай себептер менен өткөн жылга салыштырмалуу быйыл чөөлөр аз атылганын билдирди.

«Мергенчилер жан-жаныбарларды, жаратылышты коргоо максатында чөө, карышкыр сыяктуу жырткыч жаныбардын санын азайтуу боюнча иш жүргүзүп жатышат. Кыш мезгилинин акыркы айына мергенчилер 45 чөөнүн, 5 карышкырдын терисин комиссияга алып келишти. Мунун ичинен 22 чөө, 1 карышкырды өзүм аттым», - деди Таалай Осмоналиев.

Чөөлөрдүн башы кесилип, атайын даярдалган чуңкурга көмүлгөн.

Өкмөт тарабынан карышкыр аткандар үчүн 6000 сом, чөө аткан мергенчилер үчүн 2000 сом сый акы берилет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости