www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Финполдун мурдагы төрагасы Таиров бошотулду

Бишкектин Биринчи май райондук соту Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Каржы полициясы) мурдагы төрагасы Бакир Таировдун бөгөт чарасын өзгөртүп, өлкөдөн чыкпоо тууралуу тилкаттын негизинде бошотту. Бул тууралуу аталган соттон кабарлашты.

Анын бөгөт чарасы кечээ, 17-февралда каралган.

Ушул эле сот 28-январдагы отурумунда Таировдун камактагы мөөнөтүн 2-апрелге чейин узарткан эле. Анын камактан чыгарылышына тергөө менен кызматташуу тууралуу келишим түзгөнү себеп катары көрсөтүлдү. Мындан сырткары айыпталуучу өлкө бюджетине 14 000 доллар акча каражатын төгүп бергени маалымдалды.

Мурдараак 24.kg агенттиги өз булагына таянып, Финансы полициясынын мурдагы төрагасы Бакир Таиров да казынага 20 миллион сом төгүп, жакында үй камагына чыгаарын жазган эле. Муну Биринчи май райондук соту, УКМК комментарийлеген эмес.

Бакир Таиров 2020-жылы октябрдагы парламенттик шайлоо үчүн мамлекеттик мекемелерден акча чогулткан деген шек менен ошол эле жылы 10-декабрда кармалган. Эртеси күнү Биринчи май райондук соту аны 2-февралга чейин УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алган.

Бакир Таиров же анын мыйзамдуу өкүлдөрү бул айыптоолор тууралуу комментарий бере элек. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости