www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Эл артисти, “Кыз-Бурак” тобунун негиздөөчүсү Гүлшайыр Садыбакасова жалгыз уулу Эркинди жоготуп каңырыгы түтөп, эскерип олтурганын айтат:

“Бишкекке келдим… Алты айлык азалуу көңүлүмдү кайрадан кара булут каптап, сай-сөөгүм сыздап, уулум Эркинди эскерип олтурам… Ал жашаган үйүбүз… комнатасы…күндөлүк урунган буюм тайымдары… өз колу менен тыкан жыйналган кийимдери… ирээттүү илинген костюм- шымдары… баламдын жыты кете элек көйнөк-көнчөктөрү… кийилбей сыны кеткен бут кийимдери… пальтолору… өзү жактырып маңдайына тизип алган Сайкалдын, “Кыз-Бурактын” сыйлык-статуэткалары… 4 ай айдаган “Матиз” авто машинасы… чет өлкөлөрдөн келген эстелик белектер , тарелкалар ж.б.у.с. баламды кайрадан эсиме салып, азап-кайгым жаныланып, каңырыгым түтөдү…Баламды жоктоп өңгүрөп ыйлап жаттым...

Экошам, сени аябай сагындык, алдыңа барып жатып алайын деймин, бирок арга жок экен кулунум…. Жараткандын айтканы менен жашайт экенбиз……Айтып бүткүс арманым, ат көтөргүс дарманым, бейкубар болсун жаннатың, бейишин берсин Аллахым Күйүттөн күйүп чок болгон апаң, эми сенин арбагыңа багыштап дуба окуу менен өмүр кечирет… Аллахым акыретиңди абат, рухуңду шат кылсын! Кабырың нурлуу, чын дүйнөң жылуу болсун! Бейиште периште сымал учуп-конуп, ойноп-күлүп жүрүшүңдү Кудайым насип этсин!”, - дейт ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости