www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ЖК депутаты, Дастан Бекешов: “Бечара киши особнякта жашабайт”, деп "АЗИЯnews" гезитине маек курган.
--Дастан Далабаевич, “чиновниктер аялдарына ишенбей, турак жайын ата-энелерине каттатат” деген сөзүңүз учкул сөзгө айланып кетти. Сизде ошондой фактылар барбы?
--Бизде ушундай мыйзам долбоору сунушталган. Аянты чоң үйлөрү бар пенсионерлерди салыктан бошотуу боюнча. Мен айтып атам, бул байкуштар үчүн кам көргөн мыйзам долбоору эмес. Чиновниктер эми үй-жайын аялдарына эмес, ата-энелерине оформить кыла баштайт. Ошон үчүн айттым. А так, эч кандай фактыларым деле жок.
--Анда бул мыйзамды кимдир бирөөнүн лоббиси десе болобу?
--Жок, андай деле эмес. Турак жайга салыкты баардык жарандар үчүн жокко чыгарып салса болот. Бирок, ошол эле учурда биз бир нерсени эске алууга тийишпиз, бюджетге акча жок.
--Бирок, логикалык жактан алганда, ал мыйзам долбоору туурадай эле сезилет. Себеби, пенсионерлердин кирешеси аз. Салыктан бошотулганы аларга бир аз болсо да жеңилдик алып келет.
--Пенсионерлердин негизги бөлүгүнүн турак жайы 150 чарчы метрден көп эмес. Мыйзамдын демилгечилери болсо 150 чарчы метрден көп болсо деле салыктан бошотууну сунушташууда. 150 чарчы метрден чоң там – бул особняк. Бечара киши эч качан особнякта жашабайт да.
--Анда мүмкүн аянтына чектөө киргизиш керектир?
--Салык кодекси боюнча 150 чарчы метрге чейинки турак жай ээлери ансыз деле салыктан бошотулган. Андыктан, жанагындай мыйзам долбоорунун эч кандай зарылчылыгы жок, деген Дастан Бекешов "АЗИЯnews" гезитине берген маегинде.
Булак: NazarNews.kg