www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кадыржан Батыровдун Базар-Коргон районунун Арстанбаптагы эс алуучу жайы УКМКга өттү. Бул маалыматты жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыкты.
Кадыржан Батыров 2010-жылы июнь окуясына күнөөлүү деп табылып, сыртынан өмүрүнүн акырына чейин эркинен ажыратылган. Андан соң 2011-жылы анын бардык мүлкү соттун чечими менен конфискацияланган. Анын негизинде Батыровго жана жубайы Карамат Батыровага таандык 28 объект камакка коюлуп, кийин соттун чечими менен мамлекеттин карамагына өткөрүлгөн. Андан соң Мамлекеттик мүлк фондунун карамагында «Элдик» ишканасы уюштурулуп, мүлктү башкаруу ошол ишканага берилген.
2018-жылы декабрда Кадыржан Батыров Одесса шаарында көз жумганы, кийин сөөгү Өзбекстанда жерге берилгени кабарланган.
Булак: "NazarNews.kg"