www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эрдоган бийликке келгенден баштап Түркия дүйнөдө алдыңкы мамлекеттер катарына кошулду, экономикасы жогорулады, калктын жашоо деңгээли көтөрүлдү, чет мамлекеттерге көптөгөн инвестицияларды салууга жетишти. Эң негизгиси Ислам дүйнөсүндө мусулмандардын укугун коргоо менен өзүнүн лидерлигин көрсөтө алды. Дүйнөнүн ири державалары АКШ, Орусия, Кытай, Европа өлкөлөрү Түркия менен эсептеше баштады. Батыш чийип берген сызыкты аттап өтүп, Түркиянын кызыкчылыгын, мусулмандардын кызыкчылыгын коргоп чыкты. Быштын туура эмес саясатына каршы чыгуусу менен Эрдоганды бийликтен алып түшүү амалын көздөп, ар кандай төңкөрүштөрдү уюштурушту. Бул төңкөрүштөрдү өздөрүн саясатка аралашпайт деген диний жамаатты пайдаланып, мамлекеттик структураларга адамдарын жайгаштыруу менен 2016-жылдын 15-июлунда аскердик төңкөрүш жасоого аракет кылышты. Муну билип калган түрк эли аскерлерге каршы чыгып, учактар аркылуу бомбалоо, таңкалар менен атууга карабастан төңкөрүш аракеттерин өз өмүрлөрүн тобокелге салып токтотушту. 250дөн ашуун түрк жарандар ФЕТӨ (Гүленчилер) кыянатчылыгынан курман болуп, Түркияда жарандык согуш чыгып кетүүсүнө аз калды.

Андан кийин бул террордук уюмдун мүчөлөрү кармалып, кармалбаганы чет мамлекетке, Европа, АКШга качууга үлгүрүштү. Албетте бул окуялардан кийин батыш менен Түркиянын мамилелери дагы чыңалды жана Эрдогандын дүйнөлүк саясатта өз орду дагы көтөрүлдү. Бүгүн Түркиянын батышка карышы чыгуусуна экономикалык жактан чөктүрүү аракеттерин башташты. Түркия буга да туруштук берет деп үмүттөнөбүз. Эрдоган БУУ, НАТО, ИКУ, Чоң Жыйырма сыяктуу эл аралык уюмдарда да Түркия жана Ислам дүйнөсүнүн кызыкчылыгын коргоп, ачык капиталисттик мамлекеттердин саясатын сындап келет. Демек, дүйнөлүк лидерге айланган Эрдогандын Кыргызстанга болгон сапары жана Түрк Кеңешинин саммитине катышуусу Түрк дүйнөсүнүн биримдигин бекемдөөгө чоң кадам деп ишенебиз. Кыргызстан жана Түркия бийлиги тарабынан кабыл алынган келишимдер да жоопкерчилик менен ишке ашырылат деп күтөбүз.

Түркияга кыянатчылык кылган Гүлен кыймылынын окуу жайлары жана башка уюмдарынын Кыргызстанга өтө жайылып кетиши жана гүленчилердин жалган-жалаа менен Эрдоганды жамандоосу, маалыматтардан толук кабардар эмес кыргыз калкынын башын айландырууда. Бул маалыматтар Эрдоган тууралуу элге акыйкат маалымат берүү үчүн жазылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости