www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз бийлигиндеги чалдар боюнча эл арасында түрдүү пикирлер айтылып келет. Көбү жашы өткөн соң кызматты жаштарга тапшырып, билген акыл-насааты болсо айтып-деп эле, пенсиясын алып жашай беришсе деген ойдо. 65 жаштагы Токон Мамытовдун Акыйкатчылыкка умтулуп жатышы коомдо мындай пикирди күчөттү. Алардын жанбактылык принциби кээде жийиркенүүнү да туудураары айтылат. Ушуга окшогон пикирди фейсбуктун Сатина Айдар аттуу колдонуучусу минтип жазган.

“Курмантай Абдиев Конституциялык палатага 2015-жылы 66 жашында айланган. Пенсионер катары ал 45 миң сом алат, ага кошумча соттун айлыгы бардык кошумчалары менен 70 миңдин тегерегинде. Конституциялык палатада иштеген жылдарында сот-докладчы катары 2 гана ишти даярдаган, тагыраагы жылына бирден иш (2016- жана 2017-жылдары). Салыштыруу үчүн – сот Айдарбекова ал мезгилде 15 ишти даярдаган. Эмне үчүн Курмантай Абдиев депутат болуп туруп соттукка жанталашты? Кийинки төрт жылда жашы жеткенге чейин туруктуу айлык акы жана бийик статустун кепилдиги. Ишмердигинин натыйжалуулугу болсо нөл. Кийинки жылы отставкага кетет.

Маселе жашында деле эмес. Күч жана көзөмөл органдарында иштеген адамдарга көз карандысыз кызматтарды ээлөөгө мүмкүнчүлүк бербөө керек. Мисалы, Конституциялык палатанын соту М.Касымалиев КГБ жана УКМКнын мурунку кадрдык кызматкери, алты жылдык соттук ишмердигинде болгону жалгыз ишти даярдаган. Ошол эле учурда, айлык акысы башка сотторго караганда жогору болчу.

Токон Мамытов тууралуу да ушундай. Ал эмне үчүн Акыйкатчы болгусу келет? Кокусунунан ойгоно калып, керебеттин кырына башын уруп алып эле өлкөнүн башкы укук коргоочусу болгусу келе калган жок да. Бул болгону керт башынын кызыкчылыгы гана. Өмүр баянында дагы бир бадырайган жазуу пайда болот. “КР Акыйкатчысы болгонмун!” деген”, - дейт Сатина Айдар.

КСДП партиясы тарабынан Акыйкатчылыкка сунушталып жаткан Токон Мамытов 18-декабрда 65 жашка чыгат. “Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы жөнүндө” мыйзам боюнча акыйкатчы болуп 65 жашка чейинки жарандар иштей алат. Эгерде мыйзам так аткарылса, Т.Мамытов Акыйкатчылыкка шайланган күндө деле, дагы 3 айдан кийин кызматын тапшырышы керек болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости