www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Белгилүү саясатчы жана коомдук ишмер Дастан Сарыгулов: Эл жабыркабасын, азап тартпасын, тентип кетпесин, деген пикирин билдирди.

- Эми мамлекетке таандык социогенезге кайрылсак...

- Анын өзөгү кыргыздын дүйнөтаанымында, “Бийлик - Жаратканда, андан кийин – элде”, “Адилет болбой эл жарыбайт”, “Теңирим теңдикти жалгайт” – деген ж.б. макалдарда жатат.

Эң башкы максат: “Эл жабыркабасын, азап тартпасын, тентип кетпесин” деген болгон. Далил катары бир үзүндү келтирейин.

Акмат Карыбай уулу. Садыр аке. Бишкек. 2002 ж. 200 бет.

“Нурдөөлөт баатыр төшөктө жатты... жүзү суук, алы начар. Каруусу кетип, кайра кайрылбачудай ыңгайланды. Ал абалын түшүндү.

“... Максатыма жетбей кетип баратам. Элге эгедер болор эч кимим жок... Калкан жарабайт. Мүнөзү кырс, элге мерез, жакшылыгы аз. Карыбайды эл ээрчибейт... Солтонун оозунда тили, башында ою болгону менен дөөлөт көтөрө албайт. Колтугу ысык, кесири көп... Торгойдун тилинин эми жок. Максатсыз, кош ойлуу киши. Жунуш кайнагаңдын малы бутун тушап алган... Элим азап тартып, тарап кетпесин.

Эл тизгинин Жолболдунун Садырынан талашпагыла. Сыртка сүрдүү, ичке жылуу сүйкүмү бар. Ошону алдыңарга салып, артынан ээрчигиле. “Адатта, өлүм астында айтылган керээз аткарылды.” 17 – 18 беттер.

Кыргыз социогенезинин туу чокусу – Жараткандан кийин эле Элди ойлоп, Элге кам көрүп, Элге кызмат кылып, Элдин батасын алуу болгон.

Ушул касиет кыргызды миң жылдар бою аман сактап, ыймандуу, нарктуу, адептүү, салттуу кылып келди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости