www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мындай жапайычылык кыргызда илгери болгон эмес, болушу да мүмкүн эмес эле. “Намыс өлүмдөн өйдө!” – деген кыргыздын кызын ким күч менен ала качса – чоң тогуз айыпка жыгылчу же уруулар арасында аеосуз чабышка алып барчу. Бул тууралуу белгилүү саясатчы жана коомдук ишмер Дастан Сарыгулов билдирди.

"Тарыхый булактарга кайрылсак.

“Материалы по казахскому обычному праву”. Сборник. Академия наук. Казахстан. Алматы. Жалын. 1998 г. 464 стр.:

“Кто девке учинит насилие, тот должен заплатить за обиду отцу 50 лошадей, один панцирь и одного верблюда, в противном случае виновного следует повесить; а если девка согласится выйти за него в замужество и отец на то будет согласен, то решаются обыкновенным калымом, т.е. платит жених 32 лошади и одного верблюда”. – стр. 65.

Ф.А. Фиельструп. “Из обрядовой жизни киргизов начала ХХ века”. Москва, “Наука”, Российская Академия наук, 2002 г.: “Сайыш – поединок на пиках. Цель поединка: сбить противника с седла, но т.к. киргизы отличные наездники, то дело это очень трудно. Поэтому они норовят или убить один другого, или нанести такой удар в бок или лицо, чтобы противнику нельзя уже было драться. Побежденным считается только убитый или выбитый из седла. По окончании поединка между мужчинами происходит такой же поединок между женщинами. Но случаются здесь и азартные поединки, когда противницы хватают пики и пускают в дело ножи” – стр. 166.

Бул баяндалган окуялар 1921 – 1925-ж. таандык. “Салт бузулса – эл бузулат, тил бузулса – дил бузулат”- дегендей, күч менен кыз ала качкандар союз убагында да болгон эмес. Мындай жапайычылыкка баргандарды катуу жазага алып, аеосуз 15 жылга абакка кесүү керек, кыргыз элин дүйнө жүзүнө уят кылганы үчүн", - деп жазган Дастан Сарыгулов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости