www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку  Кеӊеште Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин демилгеси менен «Кыргыз Республикасындагы ички соода жөнүндө» мыйзамдын аткарылышына арналган парламенттик угуу өтүүдө. Иш-чарага депутаттар, өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын жетекчилери, соода-сатык жаатындагы ассоциациялардын өкүлдөрү, эксперттер менен адистер катышууда. Бул тууралуу маалыматты Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирди.

Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин төрагасынын орун басары Дастан Бекешев парламенттик угууну ачып жатып, ушу тапта дүйнөнүн көп өлкөлөрү сыяктуу эле Кыргызстан да акырындап салттуу соода аянтчаларынан кетип, кыйла өркүндөтүлгөн соода түйүндөрүнүн тутумуна өтүүдө. Ошондон улам, атамекендик өндүрүүчүлөр өз өнүмдөрүн дал ошол соода-түйүндөрүнө жайгаштырууга умтулушканына карабастан, башка мамлекеттердин, анын ичинде ЕАЭБ өлкөлөрүнүн импортчуларына анчалык атаандаштык түзө албай жатат.

Депутаттын айтымында, мына ушундай кыйчалыш кырдаалда 2000-жылы кабыл алынган «Кыргыз Республикасындагы ички соода жөнүндө» мыйзам азыркы атаандаштык замандын талаптарына толук жооп бербей калганы даана байкалып турат. Жадагалса, анда «соода түйүндөрү» жана «ташып жеткирүүчүлөр» деген түшүнүктөр да жок, алардын өз ара мамилелерин жөнгө сала турган механизмдер, мамлекеттин тараптарга бирдей мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берүү максатында кийлигишүү механизмдери каралган эмес.

Депутат Дастанбек Бекешев иш-чаранын катышуучуларын ички соода жаатындагы жагдайды, анда орун алган көйгөйлөрдү иштиктүү жолдорун, «Кыргыз Республикасындагы ички соода жөнүндө» мыйзамга ийкемдүү механизмдерди киргизүү демилгесин талкуулоого жандуу катышып, алгылыктуу сунуштарды берүүгө чакырды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости