www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз саясатында «Камчыбек Ташиев» ысым бар. Камчыкебизди сыртынан караганда каардуу көрүнөт, сүрдүү көрүнөт. Бирок, жан-дүйнөсү башкача адам. Жүрөгүнө баардыгын батыра алган, боорукер, калктын башына катаал күн түшсө кан жанын аябаган адам так ушул Камчыбек Ташиев экендигин жамы журт жакшы билет. Камчыбек мырза жөнүндө айтса сөз көп. Кылган жакшылыктарын санап олтурсаў өзүнчө бир китеп болчудай. Башкасын айтпаганда дагы өзү туулуп өскөн Сузак районундагы Барпы айылынын жолуна заңгыратып асфалть төшөтүп, мектебин, мечитин, спорт залынан бери салдырып койгон. Анан кантип эли, журту алкабасын?! Саясаттагы жолунда ак, таза иштеп, мамлекеттин мүлкүнө кол салбастан кайра аны сактоону көздөп, иштеген жерлеринде эң мыкты жетекчи катары айтылып келе жатат. Мына ушундай эл уулуна айланган инсаныбыз 27-сентябрда 50 жашка толот. Эр ортону 50 жаштын урматына Камчыбек Кыдыршаевичти жакындан билген санаалаштарын кепке тарттык...

Дастан Жумабеков, Жогорку Кеңештин төрагасы:

“Камчыбек Кыдыршаевичте патриоттук дух бар”

--Алгач учурдан пайдаланып Камчыбек Кыдыршаевичтин 50 жаш мааракеси менен чын дилимден куттуктайм. Ааламда адамга берилчү кандай жакшылык болсо баарын каалайм. Эң негизги байлык болгон ден соолукту өзүнө, жакындарына, үй-бүлөсүнө каалайм. Камчыбек мырза кыргызга аттын кашкасындай таанымал болгон саясатчынын бири экендиги талашсыз. Мамлекетке, элибизге кылган чоң иштерин биз баалайбыз, менимче келечек муундар дагы унутпайт. Эң негизги баалаганым Камчыбек агабызда патриоттук дух бар. Кыргыз мамлекетин сүйгөндүгүн көзүнөн көрүп турам. Ал кишини өтө урматтап сыйлайм, ийгиликтерди, жетишкендиктерди каалайм. Мурунку чакырылышта биздин партиянын, Жогорку Кеўеште фракциянын лидери болду. Дайыма эл журтка бийик кызматын кылып келе жатат. Эң башкысы жигиттик мүнөз бул инсанда бар. Мен ошол мүнөзүн жогору баалайм.

Курсан Асанов, ИИМ министринин орун басары:

“Элибиздин жүгүн көтөргөн азамат катары тааныйм”

--Досту кээ бир адамдар саясаттагы кызыкчылык, же жеке турмуштагы болбосо ишкердиктеги пайдасы тие турган убакта гана пайдаланат. Айрымдар болсо жамандык-жакшылыгында тике туруп, акыреттик дос болушат. Менимче Камчыбек ким менен болбосун кызыкчылык үчүн эмес, акыреттик дос болот болуш керек. Экөөбүз мен орган тармагына жетекчи болуп барганда 1997-жылы Жалал-Абад шаарынан таанышканбыз. Ал убакта жаш, баарына даяр турган көзүнөн өрт жанып турган жигит болчу. Бүгүн минтип 50 жашка чыгып калыптыр, убакыттын өткөнүн караңыз. Мен билген Камчынын лидерлик сапаты, бийик максаттары да бар эле. Ошолордун барына аз-аздап жетип келе жатат. Элибиздин жүгүн көтөргөн азамат катары тааныйм жана мындан ары дагы ушул бойдон калат деп ишенем.

Улугбек Ормонов Жогорку Кеңештин депутаты:

“Камчынын өзүнүн принцибинен тайбаган мүнөзү бар”

--2005-жылдагы саясый окуялар күч алып турган убакта Камчы менен таанышкам. Өлкө ызы-чуу болуп, ар кандай окуялар кайталанып парламент кетпей жаңы баш мыйзам кабыл алынат болуп жатканбыз. Ошол кезде депутат катары абдан активдүү, шар жүргөн мырза эле. Анда жаш болчу, азыр эми 50 жашка чыгып өзгөрдү, көп нерсени башынан да өткөрдү. Ошол 2005-жылы баш мыйзамды өзгөртүүгө жалгыз Камчы каршы чыгып парламентте “Позор!” деп кыйкырып турган. Аягында анын айткандарынын баары туура чыгып баш мыйзамды алмаштырып башка кабыл алышкан. Камчынын барпалаңдаган, тартынбаган, өзүнүн принцибине тура алган мүнөзү бар.Ошол убакыттан бери жамандык жакшылыкта катташып турабыз. Элдин маселеси дегенде баарын жыйыштырып ичине аралашып кетет. Анан боорукердиги, берешендиги, ким гана болбосун ишене берген сапаты бар экендигин баардыгыбыз билебиз. 50 жаштын кырына чыкты, эми буйруса алдыда анын абдан жакшы күндөрү бар деп ойлойм.

Шаирбек Ташиев, бир тууганы:

“Акем мекенин чын дили менен сүйгөн патриот”

--Агамдын кандай экенин менсиз да кыргыз эли жакшы билет. Биринчи жолуккан адам же досу душманыбы баары менен сырдаша бермей адаты бар. Ичинде кири бар болсо ушуну жасабайт эле. Эгерде муктаж адам көрсө колундагы акыркы тыйынын деле кармата берип кетип калат. «Элде болсун, анан менде болот» деп көп айтат. Башкалар он сом таап эки сомун элге берсе, Камчы акем сегиз сомун элге берип, эки сомун алып калат. Анын мындай боорукердигин Кудайым өзү да баалап ырыскы берип эле келе жатат. Кээ бир бузулган саясатчылар өзүнө окшотуп оң жолдон чыгарабыз дешти, бирок ал өзүнүн тазалыгы менен таза чыкты. Акемдин мен баалаган дагы бир сапаты бул кенендиги. Азыркы кээ бир эркектердей болуп майдаланбай акча же саясый маселедеби шар жүрөт. Эми мен айтып кеткен сапаттарын эл билет, ошондуктан сыйлайт деп ойлойм. Мындан сырткары башкалардай жасалма эмес, мекенин чын дили менен сүйгөн патриоттуулугу бар. Ал кыргыз намысы, кыргыздын жери, суусу, эли дегенде жанын дагы аябайт. Партияда канча адам болсо, бизди балдарын да патриоттуулукка үндөп, ошого тарбиялап өзү да үлгү көрсөтүп келе жатат. Азыр коомдук ишмер убагында дагы анын үйүнөн киши үзүлбөйт, кеңеш алгысы келгендер же жардам сурап кайрылгандар... Кызматта турган кезинде кабылдамасынан киши үзүлчү эмес. Акемдин 50 жашы кут болуп арабызда карааны тоодой күч кубат болуп аман жүрсүн деп тилейм.

Ахматбек Келдибеков, коомдук ишмер:

“Элдин кызыкчылыгы үчүн өзүнүн иштерин жыйыштырып чуркап кетет”

--Камчыбек экөөбүз Ош шаарындагы Терешкова атындагы интернатта окуганбыз. Ал менден эки жаш кичүү. Ошол убакты эстесем эле алгачкы келгендеги бою кичинекей, кара бала келет көз алдыма. Интернаттын тартиби боюнча ашканага кезекке туруп, өзүбүздөн улууларды “агай” дечүбүз.

Бир күнү Камчынын кезегинде тамак ичип жатсак “агай, дагы салып берейинби?” деп мага кайрылганын кээде эстеп жылмайып калам. Камчы ошол убакта эле дал бүгүнкүдөй ишенчээк, акылдуу, мыкты, ишенимдүү дос эле. Анан сабактарды жакшы окуп, Томскдагы окуу жайга өтүп кеткен. Ал убакта окууга өтүү кандай экенин баарыңыздар билесиздер. Мен интернатты бүтүп кеткенден бери көрө элек болчумун. Кийин саясатка келгенде кайра жолугуп бир команда болдук. Ишенчээктик сапатын кээ бир саясаттагы кир адамдар пайдалангысы келди. Бирок Кудай жолун дайыма ачып келе жатат. Анан саясатка жаңы аралашып баштаганда Камчыбек Кыдыршаевич ушунчалык өзүнүн айтканын бербеген, бир принципке туруп алган жайы бар болчу. Элдин кызыкчылыгы үчүн өзүнүн иштерин жыйыштырып чуркап кетет, боорукердиги дагы жок эмес. Колунда барын акыбалынын келишинче жардам берип келе жатат. Башынан көп окуялар өттү. Кандай гана учурлар болбосун ал жигиттик принциптерин жоготкон жок, мен ушул сапатын баалайм. Баардыгын көрүп кагылып, согулду.

Анан дагы көпчүлүк билбеген бир сапаты Камчынын жүрөгү аябай жумшак. Кээ бирлер аны абдан катаал, мүнөзү оор деп билишет. Бирок мен билгени анын жүрөгү жумшак болгондуктан кимдир бирөөнүн кыйналып жатканын муктаж болуп тургандыгын көтөрө албай колундагы акыркы тыйынын дагы кармата берет. Эми алдыда кыргыз элине кызмат кыла турган күндөрү турат. 50 жашка чыгып жатыптыр, Камчыны кызуу куттуктайм. Кудайым аны колдоп, эли журтунун арасында аман кылсын.

Баян Кулова

Булак: "Де-Факто"

Последние новости