www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков баштаган парламенттик делегация Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) катчылыгына барды. Бул туралуу маалыматты NazarNews.kg маалымат агенттигине Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.
Жогорку Кеңештин делегациясы ТүркПАнын азыркы учурда жүргүзүп жаткан иши менен таанышып, катчылык тарабынан мерчемделген иш-чаралар тууралуу маалымат алды. Ошондой эле аталган Парламенттик ассамблеянын келечеги жана өнүгүү багыты талкууланды.
Жолугушуунун жүрүшүндө Ассамблеянын башкы катчысы А.Мамаюсупов делегация мүчөлөрүнө үстүбүздөгү жылдын 20-22 -ноябрь күндөрү Түркиянын Измир шаарында өтүүчү ТүркПАнын 8-пленардык жыйынына карата көрүлүп жаткан даярдык иштери тууралуу маалымат берди.
Андан соң Төрага баштаган эл өкүлдөрү катчылыктын бакчасына дарак көчөтүн отургузуу аземине катышты.
Булак: NazarNews.kg