www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 Үстүбүздөгү жылдын 30-январынан 3-февралына чейин Бишкектеги бир катар медициналык мекемелерде онкологиялык ооруларга акысыз текшерүү жүрөт.

Ден соолукту чыңдоо борборунан билдиришкендей, 5 күн ичинде 25 жаштан 60 жашка чейинки аялдар эмчек жана жатын моюнчасынын рагына текшериле алат.

Текшерүүдөн өтүү үчүн айымдар Бишкектеги №№ 1, 2, 3, 4, 5, 6, 7, 9 Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлоруна, Шаардык студенттик поликлиникага кайрылса болот.

Ден соолукту чыңдоо борборунан белгилешкендей, аталган акция Бүткүл дүйнөлүк рак менен күрөшүү күнүнө карата өткөрүлүүдө. Иш-чаранын негизги максаты - онкологиялык оорулардын алдын алуу, дартты эрте аныктоо, жана дарылоо болуп саналат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости