www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө чакан бизнес ачуу үчүн берилип жаткан каражаттарды кедейлер эмес, колунда барлар алууда". Бул тууралуу бүгүнкү Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Султанбай Айжигитов билдирди.
Эл өкүлүнүн айтымында, президенттин жарлыгы менен аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн ар бирине 100 миң сомдон берилип жатат. Тагыраагы, 2023-жылы аз камсыз болгон 10 миң үй-бүлө социалдык келишим түзүп, жеке ишкерлик ачуу үчүн алар 100 миң сомдон алышат. Бул үчүн мамлекет 1 миллиард сом бөлгөн.
"Жер-жерлерде акчаны кедейлер эмес, колунда барлар алып жатканы боюнча кабарлар келип жатат. Өкмөт жалпы 10 миң жакыр үй-бүлөгө убада кылгандыктан, каражатты баарына берүү керек. Эгерде ушундай улана берсе, анда чоң жаңжал чыгып кетиши мүмкүн. Ушуну көзөмөлгө алып, туура жолго салыш керек",- деди депутат.
Булак: NazarNews.kg