www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашевдин бир тууганы Акназик Карашева алдамчылыкка шектелүүдө. Бул тууралуу жабырлануучу Дамир Дүйшөнов жергиликтүү булакка билдирген.
Анын айтымында, Акназик Карашева 2019-жылдын ноябрь айында 10 миң доллар алып, кайра кайтарып берген эмес.
“Акназик Карашева — менин курсташым. Ал интеллигент үй-бүлөдөн экенин билип, бир тууганы депутат, эжеси чоң кызматта иштейт деген ойдо ага карызга акча бергем.
Укук коргоо органдарына кайрылганымда, Акназик байланышып, бир ай күтүп тур деп суранган. Бирок ошол бойдон акчаны кайтарып бере элек. Учурда иш Токмок ШИИБинде каралууда“, - деди Дамир Дүйшөнов.
Чүй ОИИББинен бул маалыматты тастыкташып, аталган факты боюнча сотко чейинки териштирүү иштери жүрүп жатканын кабарлашты.
“Окуя “Алдамчылык” беренеси менен КЖБРге катталып, шектүүнүн өздүгү такталган. Ал Акназик Карашева болгон. Сурак учурунда ал Р.А. аттуу таанышына курсташынан карызга акча алып бергенин айтты. Бирок Акназик Карашева карызга акча алып бердим деген Р.А. акча алганын четке кагууда. Бул иш боюнча териштирүү жүрүп жатат“, - деп айтылат маалыматта.
Булак: NazarNews.kg