www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

10 жылдан бери Кыргызстанда карылар үйүндө жашаган 81 жаштагы Данга Батиев аттуу чечен жараны мекенине кайтат. Ага Чеченстандын президенти Рамзан Кадыров жардам берет. Бул тууралуу Ассоль Молдокматова өзүнүн баракчасынан билдирди.

Рамзан Кадыров карыя тууралуу коомдук ишмер Ассоль Молдокматованын жарыялаган видеотасмасынан билген.

"Бул тууралуу эми билип жатканыбыз өкүнүчтүү. Чечендер үчүн ата-энесин, улгайып калган туугандарын карылар үйүнө жиберүү жат көрүнүш. Ата-энелерибиздин алдында милдеттерибиз көп. Карыяларыбыз жылдар бою топтолгон байлыгыбыз, акылманыбыз. Биздин милдетибиз аларга кам көрүү.

Мен Данга Батиевди өлкөгө алып келүү боюнча бардык иш-аракеттерди көрүүнү тапшырдым. Батиевдин уулдары, небере, чөбөрөлөрү бар экен. Анын үй-бүлөсү, туугандары узак убакытка чейин издөө салып, расмий жактарга дагы кайрылыптыр. Ал эми Батиев туугандарын издөөгө аракет кылбаптыр. Чеченстандагы согуштук операциялардан кийин туугандарынан тирүү калгандар бар же жок экенин билбегендиктен өлкөгө кайтууну чече албай жүрүптүр. Жакынкы күндөрү биз атайын каттам менен карыяны өлкөгө алып келебиз. Ага бардык медициналык жардам көрсөтүлөт, - деген Кадыров.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости