www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Маркум, кыргыздын чыгаан уулу, 42 жашында ууланып каза тапкан Сатыбалды Жээнбековдун бейнесине арналган журналист Айбек Түмөнбаевдин бир нече жыл мурун жазылган макаласын окурмандарыбызга жарыялайбыз.

Нет описания.

"Аттан түшсө да үзөңгүдөн түшпөйт» дейт кыргыздын бычакка сап жигиттерин. Илгертен эле эл четинде, жоо бетинде эрдик көрсөткөн азамат ириде оозго алынып, ошолор тууралуу дастандар жаралган. Жоокерчилик заманда деле элине ак кызмат өтөгөн жолборс жүрөк, жолборс билек шерлер сейрек чыккан. Ушундан улам менменсиген миң сан эрлердин бир, экөөсүнүн гана эрдиктери биздин күндөргө ыр, санжыра, дастан болуп жеткендир...

Тарых тегирмени тескери айланып турат бейм, 1991-жылдын 19-августу эсиңиздеби? 

Саймерелеп отурбай ошол коогалаңдуу күндө Президентибиз А.Акаевдин билдирүүсүнөн бир сапты ак баракка кыстара кетели.

"Биз чакан мамлекетпиз, бизде армия жок, бирок биз өзүбүздүн суверенитетибизди, өзүбүздүн эркиндигибизди коргойбуз. Бирок бизде армияга, куралданган танктарга жана самолетторго каршы тура алгыдай эч кандай мүмкүнчүлүк жок. Биздин эркиндигибиз кандайча тебеленип жаткандыгын жана закондуу шайланган мамлекеттик бийлик кандайча кулатыла тургандыгын сиздер кантип тынч гана байкап турууга чыдай аласыздар?".

Август төңкөрүшү көздөгөн мүдөөсүнө жеткенде биз бүгүн кандай күндө жашамакпыз? «Быкы-чыкылар» жеңишке жетип, бийлик тизгинин колго алганда биз өз алдынча мамлекеттүүлүккө тынч жол менен жетмек белек? Эл эркиндиги үчүн эчен эрлердин каны сабын болмоктур. Президентибиз А.Акаев баш болгон нечен саясий ишмерлерибиз абакка алынып, өмүрлөрү кыл учунда турмак. Айтор накта «быкы-чыкы» ошондо болмок, бутубуз асманды карап калат беле деген түпөйүл ой кетет. Азыр ал коркунуч артта калгандай кийин минтип эрдемсинип өткөн күн, өткөн окуяга баа берип жатабыз да. Эгер «быкычылар» жеңгенде аягы менен кол чаап, алардын чечимин кубаттап чыккан «эки жүздүүлөр» нечен өмүргө балта чапмак. Кара башын калкалаган пенделер: биз оозубузду басып отурганыбыз оң болуптур деп, акылдуулугуна, билгичтиктерине таң берип, кудуңдап сүйүнмөк.

Биздей карапайым көрпенделерге августтагы саясий драманын түйүнү, анын үрөй учурган чечими Президентибиз А.Акаевдин пресс-конференциясынан кийин гана мээбизге жеткендей болду. Анда биз эркиндик, демократия эмне экенин дале терең түшүнө элек болушубуз керек эле. Эгерде москвалыктар демократиянын очогу — Ак үйдү, демократиянын «генералы» Б.Ельцинди сактап калбаганда, Кыргызстандын эркиндигин муунтуу анча деле кыйынчылыкка турбаса керек. Империялык түшүнүккө кишенделген «быкы-чыкылардын» танкына каршы баягы он алтынчы жылдагы союлубузду көтөрүп жүгүрмөк белек. Дал ушундай кысталышта эл башындагы президентибиз жалгыз экендигин туйдук. Чынында кара жаалы ачыган «быкы-чыкылардан» аны эч кимибиз коргой алмак эмеспиз. Август коогалаңында мамлекетибиздин эркиндигин, көз каранды эместигин коргоп, эрдикке тете иш жасаган эл азаматтары президентибиздин сунушу менен Өкмөттүк Жогорку сыйлыктарга, наамдарга көрсөтүлдү. Биздин чакан макалабыздын каарманы 20-августтан 21ине караган коогалаңдын чечүүчү түнү Ак үйдө калган алты адамдын бири.

Коогалаңдын чечүүчү түнү Ак үйдө алты адам калган. Президентибиз А.Акаев, вице-президент Г.Кузнецов, республиканын ички иштер министри Ф.Кулов, президенттин кеңешчиси Л.Левитин, президенттик аппараттын башчысы Э.Карабаев жана Кыргыз телерадиокомпаниясынын баш мүдүрү С.Жээнбеков. Биз ал түнү Ак үйдүн ичинде же тегерегинде боло албадык. Президентибиз эмне болуп атат деп тынчсызданбасак деле керек. Андыктан алты адамдын эмнени ойлоп, эмнеге түйшөлгөнүн сүрөттөп бере албайбыз.

Бизди бир жыл бою көңүлүбүзгө тынчтык бербеген суроо: Эгер А.Акаевдин ордуна башка саясий ишмер, айталы А.Масалиев же Ж.Аманбаев болгондо, а киши ГКЧПнын чечимин колдоп чыкса, анын тегерегиндеги алты адам кандай жолду тандап алат эле? А балким, президент быкы-чыкыга ачык каршы чыккан үчүн калгандар аны кыя албай аргасыз эрдикке баш байлашкандыр.

Алдыбызга мындай асмандаган собол коюп, биз башка бирөөлөрдүн эрдигиме көлөкө түшүргүбүз келбейт. Тек гана биздин кесиптешибиз С.Жээнбековдун август коогалаңындагы эрдигине, чечкиндүүлүгүнө анализ берип көрөлүчү.

Эмне үчүн биз алты адамдын ичинен С.Жээнбековго токтолуп жатабыз? Ал башкалардан айырмаланып кандай эрдикке барды? Айрыкча «быкы-чыкыларга» каршы күрөштө чечкиндүүлүк көрсөткөн Кыргыз телерадиокомпаниясынын төрагасынын кийинки тагдыры кызык. Кадыресе жөнөкөй кабарчылык кызыгуумдун аркасында ага куштарым артты.

Нет описания.

С.Жээнбеков ким - обончубу, дикторбу же саясатчыбы? Партократпы? Демократпы? Бир адамды беш бөлүп, өзүбүздүн ооздон чыккан сөздүн кулу болуп калбайлы?

Биз адамды мындай категорияларга бөлгүбүз келбейт. Азыр партократ ким, демократ ким ажыратуу кыйын. Төшүн каккандар эле көп. А мындай төш каккандардын чыныгы жүзү миңдеген маскалар менен чүмбөттөлгөн.

Биз каарманыбызды башында адамча жакын билбегендиктенби, айтор кесиптешибиздин ийгилигине да, кемчилигине да кайдыгер элек. Гезит бетинде аны каралаган сөз жамгыры деле кызыгуубузду арттырбады. Кыскасы, аны актай да, коргой да албайбыз.

Айкындуулук, кайра куруунун шары менен Ак үйдүн алды кийинки күндөрү тарых театрына айланмай болду. Ак үй алды ак, кара түстөй контрастуу.

Кыргызстан КП БКнын биринчи катчысы, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун төрагасы А. Масалиевдин кызмат ордунан четтетилишин талап кылган пикетчилердин ичинде Кыргыз телерадиокомпаниясынын диктору С.Жээнбеков да бар эле.

Биз деле бул күндөрү ушул тегеректе жүргөнбүз. Кыргызстан КП БКнын биринчи катчысынын саясаты, анын республикабыздын тагдырын чечүүдөгү чечкинсиздиги ички нааразычылыкты күчөттү. Бийлик башында турган адамдын кемчилигин сынга алып, ачуу сөздү бетке айткан жүрөктүүлөр саналуу эле.

Алардын катарында КДКнын лидерлери Т.Тургуналиев, К.Акматов. Көпчүлүктүн көзүнө түшө калбаса да А.Масалиевдин саясатына нааразы болуп, ачкачылыкка чыккан жигиттердин арасында С.Жээнбеков да жүрдү.

Пикетке чыккандардын талабы орундалып, А.Масалиев бийликтен кетип, эл башына демократ-саясатчы А.Акаевдин келгенине да Ак үй күбө.

Акыйкаттыктын туусун көтөргөн студенттер, жаштар, жаңыча ойлогон жигиттердин андагы маанайлары бийик эле. С.Жээнбековдун А.Масалиевге койгон ачуу дооматы деле биздин кулагыбыздын учунда. Ойлогон оюн жашырбай кемчиликти бетке айткан өткүр жигитке балким ошол тушта президенттибиз А.Акаевдин көңүл кушу түшкөндүр.

Кийинчерээк С.Жээнбеков эски гвардиянын ишенимдүү кызматкери У.Орозованын ордуна Кыргыз телерадиокомпаниясынын төрагалыгына шайланды. Айрым калемдештерибиз жаңы төраганын зоболосун көтөрүү үчүнбү же өздөрүнүн тар кызыкчылыктарын көздөдүбү «чү» деген жерден эле гезит беттерине алып чыгышты. Жаш жетекчи республикадагы кайра куруу, демократиянын демине белсене, нечен жылдан бери партиянын чеңгелинде келген республикабыздын телерадиокомпаниясын түп тамырынан бери өзгөртүүгө батыл киришти.

Жакында «Жакыпова жан коёбу?» -  деп бир кесиптешибиз эл агартуу министрлигине койгон дооматында:

«Дегинкиси ал министрликке күтүүсүздөн президент Акаевдин «командалык кадр топтоо» саясатынын негизинде С.Жээнбеков, Б.Талгарбеков жана башка сыяктуу эч кандай даярдыгы жок келди» дейт.

Калемдеш агабыз А.Эгембердиевдин бул доосуна аргументтүү далил, факты барбы? Алдыга бир кадам жасап туруп бул доо орунсуз экендигине кепил өтөм. Экинчиден, артка бир кадам жасап туруп бул доонун аргументтүүлүгүнө ишенем, себеби, биз эскини жеңе албай, жаңыга көнө албай орто жолдо турабыз. Оңго барсаң атың, солго түшсөң өзүң мерт болосуң деген кеп. Коммунисттик партиянын баягы даңгыр жолу жок.

С.Жээнбеков жетекчи катары башка бирөөнү ээрчигендей сокур аткаруучу беле? Ал өз көз карашына, дилине жат чечим, токтом, өтүнүчтү колдоочу беле? Август күндөрү ал неге ГКЧПнын чечимдерин аткаруудан баш тартты? Дагы эле шекспирдик суроо туулат: Президент ГКЧПнын чечимдерин аткаруудан баш тарткандыгы үчүн калгандар бул эрдикке барыштыбы?!

С.Жээнбеков ГКЧПнын басма сөзгө жасаган кысымына каршы турду. Анын ордунда башка бирөө болгондо деле ушул ишке барышы мүмкүн эле. Себеби демократия, акыйкат үчүн күрөш «төртүнчү бийликтин» түздөн-түз милдети, ага мурдагыдай партиялык тыюу салуу, чектөө, көрсөтмө берүү үстөмдүгү чектелүү.

Бир колунда эркиндик тизгини, экинчи жагында саясий тирешүүнүн жаңы этабы - бийлик амбициясын жеткире баалай албаган жетекчиге өзүнчө сыноо эле.

Анын үстүнө С.Жээнбеков президентибиздин чечимдерин жан-дили менен аткаруунун үстүндө жанталашып жүрүп, тегерегине «партизандардын» кантип топтолуп калганын туйбаса керек. Балким, жаш жетекчинин ушундай чечкиндүүлүгү, кызматы, бийлик башка бирөөнүн алдында ийилип саламга келбегени анын кийинки карьерасына кедерги болгондур же өзүнүн нравасы өзүнө каршы чыккандыр?

А балким жаңы көз караш, жаңыча ойлогон, бирок саясий тажрыйбасы али алешем жаштарга алчы таасын жеп калган бийлик ээлери тымызын кылтак тартпасын? Алардын мындай иште тажрыйбасы мол.

Президенттик бийлик, парламент биздин сезимибизге жаңыдан кирип жаткан түшүнүктөр. Бирок айрым тажрыйбалуу ишмерлер бүгүнкү жаңы түзүлүшкө башкача түс берип, таптакыр иштерман болуп чыга келишти. Алар жаңы бийликтин тегерегинде күйпөлөктөп, тоодой иш бүтүрүп жаткандай.

Нет описания.

Балким, өзүн бийлик ээлеринин алдында сылык-сыпаа алып жүрө албагандыгы үчүн С.Жээнбеков өз жолуна өзү бөгөт болгондур. Айтор, С.Жээнбеков демократиянын эксперименти болгон сыяктуу. Бирок ушуну менен эле С.Жээнбековдун саясий чөйрөдөгү жылдызы түштү десек болобу? Жакында «Ак-бата» гезити биринчи эле санында «Сатыбалды (Жээнбеков) жатып алды» деп бакыйып жазып чыкты. «Кыргыз мамлекеттик телерадиоагенттигинин мурдагы төрагасы С.Жээнбеков өзүнүн кийинки кызматына, Кыргыз телеграфагенттигинин мүдүрүнүн орун басарлыгына анча ыраазы эмес окшобойбу» деген түкшөмөл кеп айтылган. Тегин жерден сөз чыкпайт. Мүнун деле жөндүү жүйөөсү бардыр. А балким, бул С.Жээнбековду саясий жаңы оюнга тартууга жасалып жаткан козутма чакырыктыр.

С.Жээнбеков Кыргыз телерадиокомпаниясынын төрагалык милдетинен бошотулган менен, эл ишениминен кете электир. Профессионал боксёрдур ал, балким саясий рингге жаңы күч жаңы тажрыйба, жаңы агым менен келер?...

Макалабыз басууга даярдалып жатканда 22-август окуялары болгон күндөрдө мамлекеттик телекөрсөтүү жана радиоуктуруу компаниясынын ишин оперативдүү уюштургандыгы үчүн жана анда көрсөткөн жогорку граждандуулугу жана принциптүүлүгү үчүн Кыргыз Республикасынын телекөрсөтүү жана радиоуктуруу компаниясынын председатели Жээнбеков Сатыбалды Амиржанович Кыргыз Республикасынын «Ардак грамотасы» менен сыйлагандыгын, аны колуна алгандыгын уктук. Биздин каарманыбыз ал күндүн эртеси Түркияга билим алууга учуп кетиптир. Турмушуң кур! Анын оомал-төкмөлүн түшүнүү алда канча кыйын го. Же кайра кайтып келүү үчүн кетүү керекпи?...”, - деп кабарчы Айбек Түмөнбаев жазган. (макала архивден алынды)

Кыргыздын кыйырына таанымал өмүрү өрнөк инсаныбыз Сатыбалды Жээнбеков быйыл көзү тирүү болгондо 68 жашка чыкмак. Тилекке каршы, чыгаан уулубуз 42 жашында ууланып каза тапкан.

Эске сала кетсек, Сатыбалды Жээнбеков Амиржанович 1952-жылы 13-июнда Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Багыш айылында туулган.

1975-жылы Россиянын Мичурин шаарындагы педагогикалык институтунун орус тили жана адабияты факультетин бүтүргөн.

Эмгек жолун 1975-жылы Сузак районундагы А.С.Пушкин атындагы орто мектепте мугалимдик кесиптен баштаган. 1976-жылдан 1980-жылга чейин ушул мектептин директору болуп кызмат өтөгөн. Андан кийин Сузак районундагы №36-айылдык кесиптик-техникалык окуу жайынын профсоюз уюмунун төрагасы кызматына шайланган.

1982-жылы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик телерадиоберүү комитетинин практикант-диктору болуп ишке орношуп, 1988-жылы жогорку баскычтагы дикторлукка чейин жеткен. Ушул мезгилдерде С.Жээнбековдун чыныгы дикторлук чеберчилиги ачылып, кыскача маалыматтарды окугандан тышкары көркөм чыгармаларды, фильмдердин текстин таасирдүү окуган адис дикторго айланды.

Ал эми 1989-жылы мамлекеттик телерадиоберүүлөр боюнча комитеттин профсоюз уюмун жетектеп, кызматкерлердин укугун коргоо жана аларга шарт түзүп берүү жагынан бир катар алгылыктуу иштерди аткарган. Дайыма айткан убадасына турган, калыс, чечкиндүү жетекчи катары жамааттын эсинде калды. Мындай сапаты жана иштермандыгы Сатыбалды Жээнбековду 1991-жылдын февралынан тартып Мамлекеттик телерадиокомпаниясынын төрагалык кызматына дайындалышына чейин алып келди.

Бул мезгил Кыргыз Республикасы Эгемендүүлүктү жаңыдан алган мезгил эле. Бардыгы жаңыдан түзүлүп жаткан. Ушундай шартта Сатыбалды Жээнбеков салмактуу кадамдарды жасап, телерадионун дагы өзгөрүшүнө алып келе турган иштерди баштаган. Компаниянын ишин жакшыртып, элге жакындатуу максатында реформа жүргүзүүнү максат кылып, аны кызматкерлер арасында аттестациялоо ишин баштаган.

Сатыбалды Жээнбеков телерадиокызматкерлеринин арасында чынчыл, ак ниет, адилет жана иштерман кызматкер катары таанылып, ушул күнгө чейин урматтоону жаратып келет.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости