www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаты Адилет Белеков Кочкор районунда Жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) жыйынтыгы боюнча эң жогорку көрсөткүчтөрдү көрсөткөн мектеп бүтүрүүчүлөрүн сыйлоо аземине катышты.
Иш-чаранын алкагында О. Айбашов атындагы орто мектептин эки бүтүрүүчүсүнө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын фондунун атынан жогорку окуу жайында бир жылдык окуу акысын төлөп берүү боюнча сертификаттар тапшырылды.
Мындан тышкары, ЖРТнын жыйынтыгы менен Кочкор району боюнча жана республика деңгээлинде мыкты көрсөткүчкө жетишкен бүтүрүүчүлөр жана алардын мугалимдери сыйланышты.
Республика боюнча эң жогорку жыйынтык көрсөткөн Н. Жүндүбаева атындагы жалпы билим берүү мектебинин бүтүрүүчүсү Айдай Абылаевага Chevrolet Spark үлгүсүндөгү автоунаа белекке берилди.
Ал эми Кочкор району боюнча биринчи орунду камсыздаган А. Жалпетеков атындагы орто мектептин бүтүрүүчүсү Мырзайым Жайлообековага 1000 АКШ доллары өлчөмүндө акчалай сыйлык тапшырылды. Экинчи жана үчүнчү орундарды ээлеген бүтүрүүчүлөр жана алардын мугалимдери да акчалай сыйлыктар менен сыйланып, мектепке үч интерактивдүү панель белекке берилди.
Иш-чаранын соңунда депутат Адилет Белеков салтанатты уюштурууга колдоо көрсөткөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиевге, Кочкор райондук мамлекеттик администрациясына, райондук билим берүү бөлүмүнө, ошондой эле демөөрчү болгон «Ак-Булут» кайрымдуулук фондунун төрагасы Нурбек уулу Ормонго жана анын командасына ыраазычылык билдирди.