www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Кээ бир эркектерге караганда сөзүмө туруп коём” дегениң жакты. Дагы эмнең жакты?.. ЖК депутаты экениңе карабай тамашөкөй мүнөзүң...

А баса, эң негизгиси, сулуу келбетиңе арбалам. Апаң менен турарыңды уккан жайым бар. Албетте, мурунку жеке жашооңо кийлигишип, кээ бир жагымсыз окуяларыңды эстетким келбейт. Мухаммед пайгамбарды оозанган айым катары аябай сыйлап калдым.

Атаңгөрү, бир гана нерсеңди билбей атам, жүрөгүң бошпу же бирөө ээлеп алды бекен? Ушуга бушайманмын. Эми өзүм жөнүндө айтайын. 45 жаштамын. Мурун үйлөнгөм. Тилекке каршы, эки ажырым жолго түшкөнбүз. Эки балам бар. Апамдын колунда. Спорттон алыс эмесмин. (Боюм 190, салмагым 110 кг.)

Учурда жеке ишкерлик менен алекмин. Сен үчүн колумдагы болгон мүлкүмдү сатып, сага машина жана үй алып берсем, мага сүйүүңдү арнайсыңбы? Эгер баш кошсок, бапырап эле жатып калат элек...

Булак: Азия News гезити

Последние новости