www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутат Алиярбек Абжалиев камалабы же кайып учабы?

Кудасы Сооронбай Жээнбеков президент болуп турганда Алиярбек Абжалиев Кудайын тааныбай кеткен эмеспи. Акчанын күчү менен 23 жаштагы баласы Токтобеков Темирлан Алиярбековичти Бишкек шаардык кеңешке депутат кылып (шаардык кеңешке депутат болуунун ставкасы 100 миң доллар деп айтылууда), эне сүтү оозунан кете элек жаш бала достору менен жайында 2019-жылы Ысык-Көлдө сайраңдап жүрүп, «ВМВ х7» маркасындагы 100 миң долларлык жеңил машине менен катуу келе жатышып, «Leksus E330» маркасындагы машинени тебелеп кетишет.

«Лексустун» ичиндеги чырактай төрт баланын үчөө ошол жерден мүрт кетип, бир бала ооруканадан үзүлөт. Президент Сооронбай Жээнбековдун кудасы жанында отурган айдоочу Э.Халмурзаевге «кызмат ордумдан айрылып калбайын» - деп Ысык-Көлдүн МАИлери чара көрүп, жазалаганга даай албайт.

Сот болсо төрт киши өлгөнүн көрүп туруп, эч нерсе болбогондой айып пул салып, айдоочуну кое берет. Президенттин кудасы Абжалиевдин баласы катышкан бул окуя ошол бойдон чара көрүлбөй калган. Төрт баланын кырчындай өмүрүн алган, алардын ата-энелеринин зар какшаган үнүн угуп, президент Садыр Жапаров башында турган жаңы бийлик бул кылмыш иши боюнча адилеттүү чечим кабыл алабы?

«Башы жок бака, көзү жок көгөндөй» болуп баардыгына көз жумуп отурган Сооронбай Жээнбековдун учурундагы ушундай адилетсиз соттордун иши кайра каралып, коррупционер соттор жазаланышы күн тартибинде турган маселе.

Булак: Азия News гезити

Последние новости