www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ошто 300гө жакын мыйзамсыз курулуштар тазаланды

Ош шаарындагы Салиева көчөсү 300гө жакын мыйзамсыз курулуштардан тазаланды, - деп билдирет Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматы.

Билдирүүгө ылайык, Ош шаарындагы ХБК кичи районунун Салиева көчөсүндөгү мыйзамсыз курулуштарды тазалоо иштери кызуу жүрүп жатат. Көп кабаттуу үйлөрдүн айланасындагы кошумча имараттар, тосуп алган короолор, жеңил курулуштар, гараждар алынып, аймактагы тургундарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары, азык-түлүк дүкөндөрү да алынып жатат. Аны менен катар муниципалдык унаа токтоочу жайлар да курулууда.

Мэрия шаардыктарды түшүнүү менен кабыл алып, мыйзамсыз тосуп алган жерлерди жана жеңил курулуштарды алууга көмөктөшүүгө чакырат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости