www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутат Аманкул Токтомамбетов ант берди

Жогорку Кеңештин 21-апрелдеги жыйынында «Бир Бол» партиясынын тизмеси боюнча шайланып келген Аманкул Токтомамбетов ант берди.

Ал депутаттык мандаты алынган Кубанычбек Жумалиевдин ордуна келди.

Кубанычбек Жумалиев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет тарабынан коррупцияга шектелип кармалган. Ага таандык Эл аралык медициналык университетке лицензия берүүдө коррупциялык схема аныкталган.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту 12-апрелде Жумалиевди чет өлкөгө чыкпоо шарты менен үй камагына чыгарган. Ал өз ыктыяры менен жалпы суммасы 1 миллиард сомдон ашык акча каражатына бааланган кыймылсыз мүлкүн мамлекетке өткөрүп берген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости