www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте кумарканалардын ачылышына каршы митинг болот

29-апрелде казинолордун ачылышына каршы «АРАМДА ПАЙДА ЖОК» аттуу тынчтык митинги Бишкек шаарында өтөт. Бул тууралуу акциянын уюштуруучулары кабарлашты.

Иш-чара борбор калаадагы Максим Горький атындагы паркта саат 15:00дө башталат.

Эске салсак, бүгүн, 21-апрелде Жогорку Кеңештин депутаттары Ысык-Көлдүн аймагында чет элдиктер үчүн кумар оюндарын ойной турган оюн-зоок комплексин куруу боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алышты.

Долбоор боюнча «Тамчы» аэропортунун базасындагы 1200 гектар жерде бир нече мейманканасы менен казинонун курулушу болжолдонгон. Документке ылайык, кумар оюндары ошол аймакта гана ойнотулат жана ага кыргыз жарандары киргизилбейт. Эгерде кыргыз жарандары кирип, утулуп калса, анда мекеме алардын уттуруп ийген акчасын кайра кайрып берүүгө милдеттендирилет. Долбоор кабыл алынса, бул мыйзам өлкөнүн башка аймактарында иштебейт. Авторлор Ысык-Көлдө кумар оюндарына уруксат берилсе, жумушчу орундары түзүлүп, бюджетке киреше түшөт деп эсептешет.

Добуш берүү учурунда 91 депутат катталып, 68 депутат макул болсо, 23 эл өкүлү каршы добуш берди.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости