www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутат «кылымдын махинациясын» айтып берди

Бүгүн, 21-апрелде Жогорку Кеңештин депутаттары башкы прокурор Курманкул Зулушевдин 2020-жыл боюнча отчетун угуп жатат.

Анын жүрүшүндө депутат Бакыт Төрөбаев башкы прокурорго кайрылды.

Төрөбаев: - Сиз докладыңызда бюджеттин аткарылышын дагы көзөмөлгө албыз деп айттыңыз. Мен сизге «кылымдын махинациясын» айтып берейин. 2019-жылы планды аткара албаган Салык инспекциясы мыйзамсыз баюудан жана жалпы келтирилген зыяндан топтолгон акчадан 491 млн сомду алып, планды аткардык деп көрсөтүп, кийин кайра акчаны кайтарды. Бул деген президентти, элди, премьер-министрди, мыйзамды алдады. 2020-жылы дагы, муну Эсептөө палатасы текшерип жатат, ушундай махинация менен болжол менен 1 млрд сомдон ашык план аткарышканын көрсөтүп жатышат. Ушуну көзөмөлгө алып койсоңуз.

Зулушев: - Бул факты боюнча маалымат бизге белгилүү. Сиздер тараптан Күмтөр боюнча комиссия түзүлгөн. Анын курамында башкы прокуратурадан дагы кызматкер бар. Териштирүүдө бул факт аныкталган, биз комиссиянын жыйынтыгы чыккандан кийин чара көрүп баштайбыз. Сиз айтканда алдоолор болгон. Ал эми экинчи факт боюнча дагы текшерип көрсөк болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости