www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Таза адамды коронавирус деп ооруканага жаткырып жатышат”, - деди NazarNews маалымат агенттигине Бишкек шаарынын тургуну Каныкей Назарбекова.
--“Мен ушул видео аркылуу дарыгерлердин каталарын жалпы элге чыгарып коюну туура көрдүм. Коомчулук билиши керек, себеби дүйнөнү каптаган вирустан эч кимдин жабыркашын каалабайм. Мен жакында эле бир сыйра ден-соолугумду текшертип койоюн деп ооруканага кайрылгам. Мени өпкөңүздү жакшылап текшертиңиз деп Республикалык инфекциялык клиникалык ооруканага жиберишти. Себеби, көпчүлүк дарыгерлер ошол жакта "кызыл зонада" иштеп жатыштыптыр. Мен Республикалык инфекциялык клиникалык ооруканага барганда эле биздин көзөмөлдө болосуз деп жаткырышты. 3 күн жаттым, күнүгө бир дарыгер келип сурап чыгып кетет. Мен эки жолу ПЦР тест тапшырып, таза чыкты. Мени коронавирус менен оорубасам деле бул ооруканадагы коронавирус жуктуруп жаткан адамдар менен чогу жаткырып коюшту. Бүгүн эртең менен Санапедден бирөө чалып эмне ал жакта жатасыз, чыгыңыз деп урушту. Ошондо дарыгерлерге айтып, кетейин десем тиешелүү кагаздарымды бербей убара кылышты. Менин байкашымча буларда коронавирус менен ооруду деп таза адамдарды жаткырып санын көбөйтүү пландары бар экен”, - дейт Назарбекова.
Булак: NazarNews.kg