www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Атамбаев-кичинекей депутат болуп келер менен Бишкек мэрин шайлоодо өтө активдүүлүгүн көрсөтүп, кол көтөрүп берди. Эми жол кире кымбаттасын десе уялчак депутат Камчыбек Жолдошбаев айткандай автобуска түшкөн уят деген депутаттардын бири эмеспи, кылы да кыйшайбайт. Анын пикири атасы Алмазбек Атамбаевди камактан алып чыгуу. Кайсы бала өз атасы камалып жатканын жакшы көрөт эле. Эми парламенттик шайлоо башталып, Атамбаев камалып жатса да чамына баштады. Ал учурундагы досу, арийне президент болуп турганда каматып жок кылгысы келген Текебаевдин айланасындагыларды өзүнө тарта баштады. Эң алгач сөз чеберлери Рыскелди Момбеков менен Жанар Акаевди социал-демократтар партиясына тарта баштады. Бирок, бардыгы эле анын оюндагыдай болобу? Шайлоо алдында Атамбаевдин партиясында бөлүнүп, жарылуу пайда болду. СДПК партиясы бөлүнүп, жарылып чайналып отуруп социал-демократтар партиясы түзүлгөн. Анын башына Темирлан Султанбеков деген жаш саясатчы болгон.Эми бул партия да бөлүнүү алдында турат. Атамбаевди жалгыз калтырып, Темирлан Султанбеков дагы кетүү алдында. Темирлан Султанбеков жаш туруп жашашты билет экен. Алмазбек Атамбаевдин коюн-колтугуна кирип, партиясына мүчө болуп, ага берилген киши болуп түр көрсөтүп, толук ишеничине кирген. Керек болсо Атамбаев өзү төрагалык кылган «Социал-демократттар» партиясын эки эңгезердей уулуна, кичүү эркесине эмес так ушул Темирлан Султанбековго өткөрүп берген. Султанбеков өзү бакыйган чиновник сезип, партиянын артынан бакылдап турду. Атамбаевдин Кой-Таш “республикасында” атайын кабинет бөлдүрүп иштеп да жашап да жүрдү. Тамак-ашы белен дегендей. Бирок, бийлигин өткөрөрүн өткөрүп алып бирок кайра эле кийлигише берген Атамбаев ал адатын карматып, Темирлан Султанбековго “Социал-демораттар” партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине талапкерлердин тизмесин түзүү боюнча ишти баштоону жана ал жерге Момбеков менен Акаевди киргизүүнү тапшырыптыр. Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков быйыл өтө турган парламенттик шайлоого мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин “Социал-демократ” партиясы менен шайлоого катышмак. Маалым болгондой, Жанар Акаев жана Мирлан Жээнчороев да парламенттик шайлоого катышат, бирок кайсы партия менен катышаары азырынча белгисиз. Эске сала кетсек, Жанар Акаев менен Рыскелди Момбеков Текебаев башында турган “Ата Мекен” партиясы менен 2020-жылдын 4-октябрында өткөн шайлоого катышкан.

Султанбеков муну аткаруудан баш тартып, Алмазбек Атамбаевдин ишине кийлигишпөөсүн бетине айтыптыр. Эгерде Атамбаев болбой эле өзүнүкүн кыстай берсе, Султанбеков партиянын катарын таштап, башка партиялар менен шайлоого катышууга даяр экен. Ал го ал, Атамбаевдин өз балдары деле ич ара тынч эмес дейт. Кадыр менен Сейид атасынын акчасын талашып кызыл чеке болуп атышыптыр. Шайлоо баштала электе эле ушинтип атышат, минтип отурса шайлоого жетпей быт-чыты чыгат окшойт бул партиянын.

Атамбаев президент болгон. Бирок, мансабына таянып, аны ушул «балашкалары», «сапарушкалары», өз жакындары сатып кеткен. Атамбаев 2007-жылы апрелде өкмөт башына келет. Эң биринчи Текебаевди кекиртектеп, апрелде алар уюштурган митингдин акесин таанытып, «Текелер «мясокомбинатка» койду баштап барып, аларды ажалга түртүп өздөрү секирип кетет» деп оппозициясын баччагын чыгарып, өзү уу ичип сегиз айга жеткен. Сегиз айдан соң СДПКны парламентке өткөзүп, өзү талаада калып, 2009-жылы президенттик жарышка чыгат. Түштүктө эл кыдырып жүрүп президентке талапкер болсо дагы ичкиликтен кол үзбөй элге уят болгон. Бул тууралуу жакын шакирттери китепке жазып чыгышкан. 2016-жылы 31-августта аны бийликке алып келишкен жакын адамдарына каарын чыгарып, «балашкаларга» жакшы көрүнгөн.Ошол «балашкалары» аны сатып кетсе да, эми аларга жабышып жатат. Ал Ош жаңжаалын баштаган Кадыржан Батыровду ал кездеги мамлекет башчысы Роза Отунбаевага кйирип колдоо көрсөткүсү келет. Атамбаев Кадыржан Батыровго телефон чалып, "2-3 адамды өлтүрүп койсоңор эч нерсе болбойт, баштагыла" деп айткан". Бул тууралуу белгилүү укук таануучу Качкын Булатов кайра-кайра какшап жатат: "Атамбаев Кадыржан Батыровго телефон чалып, "2-3 адамды өлтүрүп койсоңор эч нерсе болбойт, баштагыла" деп айткан", - дейт ал. Бийлик тарап Ош жаңжаалын кайра карап чыгуу үчүн көрсөтмө берген.Азыр эмнегедир 2010-жылдагы июнь коогалаңы үчүн Текебаевди жоопко тартыш керек деген маселе көтөргөндөр бар. Негизи каргашалуу ал окуя үчүн кимдер жоопкерчиликке тартылышы керек? 2010-жылдагы түштүк коогалаңы үчүн Текебаевди жоопкерчиликке тартыш керек деген анча туура эмес. Анткени, Текебаев ал мезгилде маанилүү постто турган эмес. Чынында 2010-жылдагы окуя үчүн жоопкерчиликти Атамбаев алышы керек. Себеби, Атамбаев Кадыржан Батыровго телефон чалып, "2-3 адамды өлтүрүп койсоңор эч нерсе болбойт, баштагыла" деп айтканы бар. Атамбаевдин телефон менен сүйлөшкөнү чындык. Бул фейк маалымат эмес. Ошондой эле Эмилбек Каптагаев аппарат башчы болуп турганда Кадыржан Батыров эң көп Атамбаевге жолуккан деп айтып жатат. Ошондуктан июнь коогалаңынын башында Атамбаев турат деп түшүнсөк болот. Керек болсо, Атамбаевди мына ушул маселе боюнча жоопко тартыш керек. Бийлик эмнеге кечеңдетип жатканына таңгалып жатам. Чынында эчак эле муну ордуна коюп, жоопкерчиликке тартыш керек болчу.

Туйгунаалы Абдраимов үч жылкы союп, Атамбаев үчүн 17-сентябрда башаламандык уюштурам деп турат. Беттегенин бербеген, ачуу чындыкты айтамын деп досу Атамбаев менен эки жыл сүйлөшпөй жүргөн Туйгунаалы Абдраимов учурдагы саясатка токтолуп, 17-сентябрдагы митинг кылам деп опурулуп жатат. Туйгунаалы Абдраимовдун саясий багыттагы бул кадамы эки жүздүүлүкпү же «сулуу губернатордун» амбициясыбы?. Кыргызда жакшы сөз бар “Калыс сөзүн айтпаса аксакалга не пайда?”. Кыскача тарыхты алып карасак, Ормон Ханды Балбай баатыр өлтүргөн. Андан кийин Бугу менен Сарыбагыш чабышып канча киши өлдү. Акыры Балбай өзү түрмөдөн өлдү. Ошондо кырыгыздын эки бир тууган уруусу Бугу менен Сарыбагыштын ынтымагын бузган нерсе болгон. Азыр Туйгунаалы Абдраимов эми Көлдүн аксакалдарына айтып жатамт“токтоткула, Атамбаевдин деле кемчилиги болгон, күнөөсү болгон. Бирок бир жери түрмөдөн өлүп калса баарыбыз уят болобуз", деп. Ал президент болгондо ушактап жүргөн эрдин айтканы. Кылган иштеринин эң негизгиси Кыргызстан туура жолго түшсүн деп президент болууга мүмкүнчүлүгү болсо дагы, ордуна Сооронбай Жээнбековду шайлап кеткен. Бир президент отуруп алып диктатура болбосун деген. Ошондуктан мунун баарын баалаш керек. Анткени Туйгунаалы Абдраимовдун оюнча Атамбаев кыргыздарга абдан эле жакшы иштеп берген.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости