www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Фыртына иншаат» курулуш компаниясынын директору Муса Коркузас СИЗО-1де кармалууда. Маалыматты Биринчи май РИИББдин басма сөз кызматы тастыктады.

Түркиянын жараны алдамчылыкка шектелип кармалган. 21-июлда милицияга шаар тургуну кайрылып, алдамчылыктын курмандыгы болгонун билдирген. Анын айтымында, «Фыртына Иншаат» компаниясынын директору Волков көчөсүндө 5 кабаттуу үй куруп берүүнү убадалаган. Ал үчүн курулуш компаниянын директору 2019-жылы октябрда 18 миң 500 доллар алган.

Учурда көп кабаттуу үйдүн курулушу токтоп турат. Ал эми арыздануучуга калган 14 миң 300 долларды кайтарып берише элек.

Андан тышкары шектүүнүн үстүнөн башка арыздар дагы келип түштү. Ошондуктан милиция шектүүдөн жабыр тарткан жарандар болсо, 0 (555) 22-55-99, 0 (702) 02-01-94 телефон номурлары аркылуу байланышууну суранат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости