www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Франциялык депутат Адриан Катенан аялын чаап жибергени үчүн сот тарабынан шарттуу кесилгенин BFMTV билдирди.

Белгиленгендей, Катенан солчул Invictus France партиясынын башчысы Жан-Люк Меленшондун оң колу болуп эсептелет. Сот кишини төрт айга шарттуу түрдө эркинен ажыратып, эки миң евро компенсация төлөп берүүгө милдеттендирди.

Маалымат каражаттары жазгандай, Адриан Катенан күнөөсүн мойнуна алган. Ал ажырашып жаткан аялына катаал мамиле жасаганы үчүн жазаланган. Парламентарий аялы аны сүйбөй калганын, ажырашкысы келгенин айтканда, эмоциясын башкара албай уруп жибергенин айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости