www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутат Баткенде гемодиализ борборун ачууну талап кылууда

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Султанбай Айжигитов Баткен облусуна гемодиализ борборлорун ачуу талабын койду.

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Улан Садыковдун айтымында, мамлекеттик гемодиализ борборлору өлкө боюнча Бишкек, Талас жана Нарын шаарларында гана иштейт.

«Акыркы эки жылда Баткенге канча каражат бөлүндү? Эмне үчүн мамлекеттик  бир гемодиализ борборун кура албайт? Ар бир райондо ушундай борборлорду уюштурууну талап кылам. Баткендин баары кедей, диализге акчаны кайдан алышат? А сен алар менен бизнес кылып жатасың. Акча бөлүнбөсө, сурагыла! Жардам беребиз, эмнеге эч нерсе кылбай жатасыңар? Бул тууралуу Султанбай Айжигитов билдирди.

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары белгилегендей, бул маселенин оптималдуу чечими – бешинчи баскычтагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооруган бейтаптар үчүн гемодиализ кызматын республикалык бюджеттин эсебинен каржылоо.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости