www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев кыргыз-тажик чек арасындагы абал боюнча маалыматты ачык угууну сунуштады.
Бүгүн, 29-апрелде саат 16:00дө депутаттар кыргыз-тажик чек арасындагы абал боюнча маалымат алуу үчүн ыкчам жыйынга чогулушту. Алар чек арадагы чырды жабык эшик артында талкуулашат.
Тиллаевдин айтымында, эл депутаттардан, өкмөттөн жана президенттен жооп күтүүдө.
«Абал оор, кошуналар курал-жарак колдонуп баштады. Артиллерия менен 10 чакты үйдү талкалады. Буга чейин биз жабык эшик артында карап келгенбиз, мына эмнеге жеттик. Ачык карай берсек болот. Өкмөт эмне кылды? Уят гана болду. Бир нече күндөн бери абал туруксуз болууда. Ал жерде түнөш керек болчу. Азыр дагы бир жерден провокация болууда — Лейлек районунда», - деди депутат.
Булак: NazarNews.kg