www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутат Айбек Маткеримов Жогорку Кеңештин 12-январдагы жыйынында Бишкектин райондорунун аталышын өзгөртүү маселесине токтолду.

Анын айтымында, учурда борбор калаанын төрт районунун аталышын өзгөртүү маселеси талкууланып жатат жана алардын бирине Курманбек баатырдын ысымын ыйгаруу мүмкүн. «Курманбек» эпосу биз үчүн «Манас» эпосу сыяктуу эле маанилүү», — деди Маткеримов.

Эскерте кетсек, буга чейин Элдик курултайда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурлан Шакиев Бишкек шаарындагы райондордун атын кыргызчалоо сунушун айткан. Төраганын бул билдирүүсү коомчулукта талкууну жараткан. 

Ал гана эмес Россиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты Светлана Журова аталган билдирүүгө нааразычылыгын билдирип, Украинага салыштырган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости