www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин 5-апрелдеги жыйынында бир нече депутаттар өспүрүмдөр арасында баңгизаттын таркатылышы боюнча маселени көтөрүштү.

Депутат Шайлообек Атазов Кыргызстандын келечек муундарына тынчсыздануусун билдирди.

"Электрондук тамекилердин жана ар кандай “дуру-мурулардын” жардамы менен мектеп окуучуларын өлтүрүү эле калды. Билим берүү министрлиги менен Ички иштер министрлиги маалымат бериши керек", - деди ал.

Анын пикирине Таалайбек Масабиров кошулду.

"Мектептин жанынан өтүп бара жатып, ал жерде 4-5-класстын окуучулары кимде кандай, лимон же малина бар деп талашып жатышат. Алар баңгизаттарын, электрондук тамекилерди жана энергетикалык суусундуктарды Telegram каналдары аркылуу билишет. Мен TikTok жөнүндө мурда да айттым, жакшы да, жаманы да бар. Санариптик өнүктүрүү министрлиги терс маалыматка бөгөт коюшу керек”, - деди депутат.

Эске сала кетсек, Бишкек ШИИББи тарабынан баңгизаттарды таратуу менен алектенген “Принцесса Дури” кылмыштуу тобунун бир нече мүчөсү кармалган.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости