www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутат Бокоев:

Бүгүн, 4-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Кенжебек Бокоев Талас облусундагы Киров суу сактагычындагы суу үчүн коңшу Казакстан акча төлөшү керектигин билдирди. Ал аталган суу сактагыч 2 миң гектар жерди ээлеп турарын, анын суусунун 90%ын Казакстан пайдаланарын айтты.

«Кировдо сууну камдоо үчүн 2 миң гектар жер суу астында калып жатат. Ал жерден айыл чарбадагы жоготулган пайда каякта? Мен ойлойм, ал үчүн казактар Таластагы фондго жылына 1 млн доллар каражат түшө тургандай кылуу керек. Аймактын айыл чарбасындагы жоготуунун ордун жабышы керек. Ошондо өзүбүз колдонбосок да, кошуналарга берсек болот. Өзүбүздүн дыйкандар сууга акча төлөп жатат. Эмнеге аларга бекер беребиз? Союз маалындагы келишимди биздикилер бетине кармап келет, эл аралык келишим деп. Ал союз маалында, а азыр эгемендүү Кыргызстанбыз. Эгер тоодон агып кирсе бир жөн, суу сактагычка камдап беребиз. 90 пайызын алар колдонот”, — деди Кенжебек Бокоев.

Депутат парламенттин жыйынына келген Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрин Талас облусуна барып аталган жана башка маселелерди көрүп келүүгө чакырды.

Ал, мындан тышкары Талас облусунда 60 миң гектар жерге төө буурчак эгилгени менен бир да үрөн чарбасы жок экенин айтты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости