www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожо акын Болот Назаров боюнча президентке туура маалымат жеткенин өзүнүн социалдык баракчасы аркылуу жазды. 

"Акын Болот Назаров боюнча туура маалымат президентибизге жетти. Кудай буюрса кечке чейин күтөлү. Жакшы жаңылык болот деген үмүттөбүз", - деп жазды депутат. 

Белгилей кетсек, бүгүн Чүйдүн Москва райондук сотунда төкмө акын Болот Назаровдун ишин кароо уланууда. Отурумда адвокаттын жарашуу келишимин ишке тиркөө өтүнүчү канааттандырылды. Ал документте жабырлануучу тарап Болот Назаровго эч кандай доосу жок экенин жазылган.

Эске салсак, Болот Назаров былтыр 9-ноябрда “Беловодское айылынын тургунунун айгырын күч менен тартып алган” деген шек менен кармалып, Бишкектеги тергөө абагына (СИЗО-1) кигизилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости