www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Астана ооган кыз-келиндерин окутуу программасын улантууга даяр. Бул тууралуу Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) басма сөз катчысы Айбек Смадияров билдирди.

"Ооган бийлиги жана бул программаны каржылап жаткан Европа биримдиги менен макулдашууга жетиштик. Жакынкы убакта программа кайра иштей баштайт", – деди Смадияров. Ошол эле маалда ал аталган программанын алкагында ооган кыз-келиндери үчүн канча грант каралып жатканын тактаган жок.

19–20-январь күндөрү Брюсселде Борбор Азия жана Европа биримдигине мүчө өлкөлөрдүн атайын өкүлдөрүнүн Ооганстан боюнча үчүнчү жыйыны өткөн. Анда катышуучулардын баары Ооганстанда тынчтыктын жана туруктуу өнүгүүнүн болушун толук колдой турганын ырастап, бул өлкөдөгү аялдар менен кыздардын укуктарынын начарлаганына тынчсызданууларын билдиришкен.

2022-жылы декабрда Ооганстандын талибдер түзгөн өкмөтү кыз-келиндердин университетте билим алуусуна тыюу салган. Ага чейин мектепте кыздардын окушуна чектөө коюлган.

Талибдер 2021-жылы августта бийликке келгенден кийин аялдардын укуктарын сактоого убада берип, бирок көп өтпөй аларга карата түрдүү чектөөлөрдү киргизе башташкан.

Казак маалымат каражаттары жазгандай, ЕБ ооган кыз-келиндерин Казакстандын жана Өзбекстандын университеттеринде окутуу боюнча БУУнун өнүктүрүү программасы менен биргеликте ишке ашырылып жаткан пилоттук долбоорлордун, ошондой эле Кыргызстандагы, Тажикстандагы жана Түркмөнстандагы билим берүү программаларынын алкагында 2019-жылы 2 миллион евро бөлгөн.

Өткөн жылы БУУ ооган студенттеринин кезектеги тобу Алматыга келип, жергиликтүү университеттерде окууларын улантууга даярданып жатышканын билдирген. Уюмдун маалыматына караганда, долбоордун катышуучулары Казакстанга 2021-жылы эле келиши керек болчу. Бирок "Талибан" (Кыргызстанда тыюу салынган) бийликке келгенде өлкөдөн чыга албай калышкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости