www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинин бүгүн, 24-майдагы жыйынында аскер кызматкерлеринин маянасын көтөрүүгө байланыштуу мыйзам долбоору талкууланды.

Анда «Ата-Мекен» фракциясынан депутат Каныбек Иманалиев аскердик жогорку чиндерди ыйгаруунун жол-жобосун сынга алды.

«Азыр Кыргызстанда генералдар өтө көбөйүп кетти. Акыркы учурда ага лейтенант, капитан деген аскер наамы бар адамдарды жолуктурбай калдым. Баары эле полковник, генерал болуп кеткен. Коргоо министрлигинин башкы штабында азыр канча генерал, полковник бар? Милицияда азыр катардагы кызматкерди көрүү мүмкүн эмес, баары эле полковник. Аскердик чин көтөрүлгөн сайын айлык да көбөйүшү керек. Ошону камсыздай алабызбы?», - деди ал.

Депутат ошондой эле пенсияга чыккан аскер кызматкерлерин, чек ара коргоочуларын окутуучу катары пайдалануу зарылдыгын белгиледи.

«Баткен облусуна чек ара лицейин ачып, билимдүү, тажрыйбалуу пенсиядагы чек арачылар келерки муунду тарбиялап чыгышы керек. Хайдаркенде бош турган мамлекеттик имараттар көп. Ошол жакка ачып, ардагер полковник, генералдардын тажрыйбасын алалы», - деди Иманалиев.

Айрым маалыматтарга караганда, Кыргызстанда генералдардын саны 150дөн ашат. Полковник наамы канча адамга берилгени белгисиз.

Өлкөнүн куралдуу күчтөрүңдө 16 жарым миңдей аскер кызматкери бар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости