www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2021-жылдын 20-майында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде Ишенгүл Болжурованын төрагалыгынын астында КР ТИМдин Коомдук кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү.

КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жыйынга министрликтин статс-катчысы Нуржан Бардинова жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери, ошондой эле министрликтин жооптуу кызматкерлери катышты.

Жыйында Коомдук кеңештин мүчөлөрү видеоконференцбайланыш режиминде Кыргызстандын Катардагы элчиси Чыңгыз Эшимбековдун отчетун угушту.

Төртүнчү Саясий департаменттин директору Азамат Карагулов Кыргыз Республикасынын Бириккен Арабия Эмираттарындагы элчилигинин ишмердиги жөнүндө Коомдук кеңешке маалымат берди.

Ректор Чинара Адамкулова КР ТИМдин Дипломатиялык академиясынын иши тууралуу Тышкы иштер министрлигинин Коомдук кеңешинин мүчөлөрүнө маалымдады, ошондой эле КР ТИМдин Коомдук кеңешинин мүчөлөрүнүн кызыккан суроолоруна жооп берди.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча Коомдук кеңештин мүчөлөрү тарабынан Кыргызстандын Катардагы элчилигинин ишмердигине оң баа берилди, ошондой эле КР ТИМдин Дипломатиялык академиясынын иши боюнча сунуштар жана каалоолор айтылды.

Тышкы иштер министрлигинин Коомдук кеңешинин мүчөлөрү тарабынан КР ТИМдин расмий веб-сайтынын сапатын жана маалымдуулугун жакшыртуу боюнча практикалык сунуштамалар даярдалды жана сунушталды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости