www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаттары Кылмыш-процессуалдык кодекске өзгөртүү киргизүүнү жана кош бойлуу аялдарды жана карыларды камоо түрүндөгү алдын алуу чараларын колдонууга тыюу салууну сунуштоодо. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Эл өкүлү кылмышка шектүүлөрдү камакка алуу чечимин сот органдары көп колдоноорун белгиледи. 2021-жылы камакка алуу, үй камагына алуу – 693 түрүндөгү 5600 алдын алуу чаралары көрүлгөн.

Депутат тергөө учурунда 55 жаштан ашкан аялдар менен 60 жаштан ашкан эркектердин кармалышы гумандуулуктун принциптерине каршы келет деп эсептейт. Ал мындай адамдарды үй камагына алууну же оор кылмыш жасаган учурларды кошпогондо, башка алдын алуу чараларын алууну сунуштайт.

Дастан Бекешев министрлер кабинети мыйзам долбооруна терс корутунду бергенин айтты.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости