www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бизде качкындарды кабыл алуу жана шарт түзүп берүү боюнча мыйзам бар. Бирок, бир дагы министрликте муну аткарбайт экен. Мындай пикирин депутат Айбек Осмонов бүгүн, 29-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Баткенде тажик тарап менен кагылышуу болгондо Тажикстандан кыргыздар качып келишкен. Алар Тажикстандын жараны, бирок улуту кыргыз.
Азыр мага алардан көп кайрылуу келип түшүүдө. Алардын да укугун ким корголбой жатат. Кыргызды кыргыз коргобосо, ким коргойт?
Тескерисинче биздин укук коргоо органдары аларга иш козгоп, айып пул салып кыйнап жатыптыр. Алар учурда Чүйдүн Ысык-Ата районунда күн кечиришүүдө. Арасында жашы жете элек улан-кыздар бар.
Мыйзам бар, бирок, бир дагы министрлик аткарбайт экен. Андыктан протоколдук тапшырма берип, көзөмөлгө алып койсок", - деди депутат.
Булак: NazarNews.kg