www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Негизинен миграция - бул аргасыз чара. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Кундузбек Сулайманов бүгүн, 19-декабрда «Бирге коопсуз миграция үчүн», — деп аталган жыйында билдирди.
Иш-чара Эл аралык миграция күнүнө карата уюштурулуду.
Ал 1 миллиондон ашык кыргызстандыктар чет өлкөлөрдө иштеп жатканына кейиди. Депутат белгилегендей, өлкө жетекчилиги бул фактыга тынчсызданууда.
«Мекендештерибиз кыйынчылыкка кабылбай, өз жеринде иштеп, аман-эсен болушун каалайт элем», - деди Сулайманов.
Анын кесиптеши Ырысбек Атажанов эмгек миграциясына кетүүнү каалагандар үчүн республиканын аймактарында билим берүү борборлорун ачуу керек деп эсептейт. Аларды атайын семинарларда даярдап, ошондой эле мигранттардын коопсуздугун камсыздоо керектигин баса белгиледи.
Булак: NazarNews.kg