www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия менен Кытай Чыгыш Кытай деңизинде практикалык ракета жана артиллериялык атуу менен деңиз машыгууларын өткөрөт. "Деңиз өз ара аракеттенүүсү-2022" деп аталган маневрлар 21-27-декабрга чейин өткөрүлө турганын Орусиянын Коргоо министрлиги билдирди.

Россия Федерациясынын Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, машыгуулардын активдүү бөлүгүндө куралды практикалык колдонуу менен суу астындагы кайыктарга каршы биргелешкен аракеттерди иштеп чыгуу да пландалууда. Агенттик маневрлердин негизги максаты Орусия менен Кытайдын ортосундагы деңиз кызматташтыгын чыңдоо, ошондой эле «Азия-Тынч океан аймагында тынчтыкты жана туруктуулукту сактоо» деп атады.

2023-жылы Россия Федерациясынын Челябинск облусунда Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн куралдуу күчтөрүнүн биргелешкен машыгуулары өткөрүлөт. «Тынчтык миссиясы» деп аталган маневрлер август айына белгиленген. Аларга Россия Федерациясы менен Кытайдан тышкары Индия, Иран, Казакстан, Кыргызстан, Пакистан, Тажикстан, Өзбекстан катышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости