www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутат: Майлуу-Суунун мэр, вице-мэрине иш козгош керек

Майлуу-Суу шаарындагы катуу суукта болгон кырдаалдагы чыгым дээрлик 44 млн сомду түздү. Буга ал жердеги жергиликтүү бийликтин кызматкерлери, тагыраагы мэр, вице-мэр жана шаардык суу каналынын башчысынын шалаакылыгы деп эсептейм. Бул тууралуу бүгүн, 22-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Кундузбек Сулайманов билдирди.

"Чыгым 43 млн 815 миң сом деп эсептелиптир, Алмаз Ахунжанович, (ред.өкмөттүн парламенттеги өкүлү) ушул маселени тыгыз көзөмөлгө алуу керек. Жөн гана кызмат ордун карап койбой, укуктук да баа берилиши керек. Алар канчалык деңгээлде милдетин так аткарды? 

Алар бизде ушунча чыгым болду, төлөп бергиле деп мамлекетке айтып жатышат. Ошол сумманы өзүлөрүнө төлөттүрүп, иш козгош керек", - деди депутат.

Эскерте кетсек, кечээ, 21-февралда Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин жыйынында Майлуу-Суу шаарында катуу сууктан улам муздак суу жана жылуулук берүү тутумдарына келтирилген чыгымдын алдын-ала жүргүзүлгөн эсептөөлөргө ылайык 43 млн 815 миң сомду түзгөндүгү тууралуу Финансы министринин биринчи орун басары Жибек Дүйшеева билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости