www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 22-февралда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында депутат Исхак Масалиев көп кабаттуу үйлөрдүн сейсмикалык туруктуулугун текшерүүнү сунуштады. Ошондой эле ал мындай текшерүүнүн баасы канча болорун сурады.

Сейсмикалык курулуш институтунун директору Камчыбек Кенжетаев 200-300 миң сомдун тегерегинде деп жооп берди. "Бизде көзөмөлдөөчү функция жок, биз үйлөрдү каалаган убакта текшере албайбыз. Эгер үй авариялык абалда болсо анда биз гана текшере алабыз", - деп түшүндүрдү ал.

Масалиев ошондой эле эмне үчүн борбор калаанын түштүгүндөгү тектоникалык жаракага жакын жерге үй салууга уруксат берилгенин сурады. "Тектоникалык жарака кайда кетти? Түштүк дарбазадан өйдө курууга ким уруксат берди? Буга чейин ал жакка үй салууга тыюу салынган", - деп нааразы болду.

Кенжетаев Сейсмология институту 2018-жылы жаңы карта түзгөнүн, ага ылайык үй салууга уруксат берилгенин айтты. "Азыр бул карталар боюнча үйлөр курулуп жатат. Ысык-Ата жаракасынын биринчи зонасына (жаракадан 300 метр алыс) куруу мүмкүн эмес", - деп түшүндүрдү ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости