www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
39 жылга эки аэропортторубузду сырткы башкарууга берип жатабыз. Бул тууралуу депутат Жанар Акаев бүгүн, 30-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Министрлер кабинети "Манас" жана "Ош" аэропортун Түркиянын анча белгилүү эмес Yda Insaat деген компаниясы менен 39 жылга меморандум түзүүнүн алдында турат. 39 жылга биз аэропортторубузду сырткы башкарууга берип жатабыз. Акылбек Үсөнбекович кечээ жыйында айтты. Бул абдан туура эмес. Анткени дүйнөлүк банк менен келишим түзүп, ошонун алкагында ачык конкурс өткөрүлөт деп айтылган. Германиядан, Голландиядан, Түштүк Кореядан ири компаниялар катышууга аракет кылып жатканда, эч кандай конкурсу, эч кандай тендери жок эки чоң аэропортубузду, стратегиялык объектибизди берегени жатабыз.
Өкмөт аралык комиссия буга терс корутундусун берген. Тышкы иштер министрлиги да улуттук кызыкчылыкка каршы келет деп терс корутунду бергенине карабастан, биздин министрлер кабинети, бийлик ошол түрктөрдүн компаниясы менен эч кандай конкурсу жок туруп, аэропортторубузду карматканы калдык. Булар 557 миллион ивестиция кылабыз дейт. Мына азыр "Манас" аэропорту жылына 50 миллион доллардан киреше берип жатат. Жылына 5% дан өсүү болот дейт. Муну кандай түшүнсө болот? 207 миллион долларды биз жөн эле түрк банкына төлөгөнү жатабыз. Мына ушул коңгуроону бүгүндөн калбай президентке, Камчыбек Ташиевге жеткизүүңүздү суранам", - деп депутат Акаев өкмөттүн өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылды.
Депутат Шайлообек Атазов дагы эки ири аэропорт белгисиз компанияга берилип жатканына өз кооптонуусун айтып, комиссиянын чечими турса дагы, ачык конкурсу жок берилип жатканына нааразы.
Булак: NazarNews.kg