www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Депутат Дастан Бекешев оң рулдуу унаа айдап жүргөн таксисттерди коргоо керек деп эсептейт.
Ал “Унаа транспорту жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштоодо. Азыркы редакцияда 2020-жылдын 1-январынан тарта жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн оң рулдуу унааларды колдонууга тыюу салынган эреже бар.
Дастан Бекешев бир катар объективдүү себептерге токтолду:
• 2020-жылы коронавирустук инфекциянын жайылышына байланыштуу документти аткаруу актуалдуу болгон эмес;
• тыюу салуу аткарылбаган учурда жоопкерчиликке тартылбайт;
• адамдардын социалдык-экономикалык абалы олуттуу жакшырган жок, ал эми тыюу салуу өз алдынча иштеген жарандардын кыскарышына алып келиши мүмкүн.
Ошого карабастан, Ички иштер министрлиги кыргыз элинин социалдык-экономикалык абалына баа бербей туруп, мораторий киргизүү маселесин көтөрө баштады. Дастан Бекешев тыюунун күчүнө киришин 2030-жылга чейин жылдыруу демилгесин көтөрүүдө.
Булак: NazarNews.kg