www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаты Динара Ашимова мектеп окуучулары арасында баңгизаттарга байланыштуу пландык текшерүүлөрдү жүргүзүп турууну сунуштады.
Анын пикирине караганда, азыркы учурда окуучулар билим берүү имараттарында эле массалык түрдө синтетикалык баңгизаттарды колдонушат.
"Мурда окуучулардан баңгизатын колдонууга текшерүү үчүн үлгүлөр алынчу. Учурда мындай текшерүүлөр жүргүзүлбөйт. Бул тажрыйбаны кайтарыш керек. Баңгичиликке каршы күрөшүү керек, анткени бул оору", - деди Ашимова.
Эл өкүлү текшерүүлөрдү киргизүү мектеп окуучуларынын укугун бузбайт деп эсептейт.
Булак: NazarNews.kg