www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош облусуна 100 миң сомдук сертификаттарды тапшырганы барганда өтө терс көрүнүшкө туш болдук. Бул тууралуу бүгүн, 20-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Шарапаткан Мажитова билдирди.
"Көпчүлүк сертификат алган аялдар көзүн гана көргөзүп, кара паранжа жамынып алышкан. Ошто көп экен, бирок Алайдан кездештирген жокпуз.
Жоолук салына берсин, бирок эмне үчүн капкара болуп чүмкөнүп алышат? Ушул маселе боюнча дин башкармалыгына тапшырма берип койсоңор, түшүндүрүү иштерин жүргүзүшсүн", - деди депутат.
Булак: NazarNews.kg