www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутат Зиядин Жамалдинов Улуттук банктын жаңы имаратын курууну сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 3-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Улуттук банктын жаңы бир имаратын курууга болбойбу? Бул багытта иш жүрүп жатабы?", - деп сурады депутат.

Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов: "Киев-Калык Акиев көчөлөрүнүн кесилишинде бүтпөгөн имарат бар. Учурда акыркы этапка жеттик. Макулдашуулар бүткөндөн кийин имаратты куруп баштайбыз", - деп жооп берди.

Депутат жаңы имарат куруу керектигин айтты. "Улуттук банктын сыртынын ремонту жок. Улуттук банк деп айткандан уяласың", - деди эл өкүлү.

Учурда жыйында "Улуттук банк, банктар жана банк иштери жөнүндө” мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости