www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарында калкты тейлөө жана тамактандыруу жаатында иштегендер мындан кийин катуу көзөмөлгө алынат. Бул тармакта эмгектенген кызматкерлер милдеттүү түрдө бет кап кийип жүрүүсү шарт.  Бул тууралуу маалыматты мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кафе, ресторан жана башка тейлөө кызматындагылардын бет кап кийүүсүн милдеттендирген буйрукка вице-мэр Азиз Алымкулов кол койгон.

"Covid-19 инфекциясынын жайылышын болтурбоо максатында бардык ишкерлерден санитардык талаптарды аткарууну суранабыз. Жетекчилер кол астында иштеген персоналдын эрежелерге ылайык иш алып баруусун көзөмөлдөшү керек. Ошондуктан санитардык талаптардын аткарылышын көзөмөлдөө ар бир жетекчиге жүктөлдү", - деп жазылат маалыматта.

Мэрия жарандардан санитардык нормалар аткарылбай жаткан учурларга туш болсо, күнү-түнү иштеген 1840 жана 1850 номурларына чалып билдирүүнү жана фото, видео түрүндөгү фактыларды 0554 182-185 WhatsApp номуруна жөнөтүп коюну суранат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости